• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Германиянын бизнес делегациясы Ош облусуна барат

Экономика 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова Германиянын элчи Габриела Геллил баштаган бизнес делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынга КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты, болгон потенциалды белгилешти, ошондой эле тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен күч-аракеттерди жумшаарына ишеним билдиришти.

Министрдин орун басары Үсөнбекова Кыргызстан Германия менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча кызматташууну өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ экендигин айтып, анын ичинде бизнес-чөйрөнү жакшыртууда кыргыз тарап көрсөткөн реформалар, инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу боюнча салыктык стимулдар жана преференциялар, КР социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Ал Германия тарап Кыргыз Республикасынын аймагындагы долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү кошулат деген ишенимин билдирди.

КР Соода-өнөр жай палатасынын маалыматы боюнча, германиялык бизнес миссиясынын өкүлдөрү менен кыргыз бизнесинин ортосунда B2B форматындагы жолугушуулар уюштурулат.

Ушул жылдын 26-апрелинде Германиянын делегациясы Ошко барат, анда да бардык деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Германиянын бизнес миссиясы иш сапар менен Кыргызстанда жүрөт, ал төмөндөгү чөйрөдөгү компаниялар тарабынан кеңири сунушталат:

– заманбап саан жабдууларын өндүрүү; уй куруу долбоорлорун иштеп чыгуу;

– таңгактоочу жабдууларды өндүрүү;

– жашылча-жемиштерди өстүрүүдөгү инновациялар;

– жашылча-жемиштерди кайра иштетүү үчүн жабдууларды өндүрүү;

– узак мөөнөттүү сактоо кампаларын, логистикалык борборлорду куруу;

¬ Энергияны үнөмдөөчү насостук жабдууларды чыгаруу.

Пикир

Оставить комментарий