• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Германиянын элчиси Ош шаары менен кызматташтыкты вице-мэр менен талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Кечээ, 24-октябрда Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен менен жолугушту. Н.Кадыров эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, маданий жана достук байланыштары күн санап бекемделип жаткандыгын белгилеп, Ош шаарында Германия өлкөсүнүн жардамы менен ишке ашкан добоорлор жөнүндө сөз кылды.

Моника Иверсен айым Кыргызстандын аймактарын кыдырып, кыргыз маданияты менен жакындан таанышууну максат кылганынын билдирди.

“Ош шаары өзүнүн тарыхый-географиялык өзгөчөлүктөрү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен Кыргызстандагы негизги шаар экендигинен кабарыбыз бар. Менин негизги максаттарымдын бири Кыргызстандын аймактарын кыдырып, кыргыз маданияты менен жакындан таанышуу. Ош шаарына болгон сапарыбыздын алкагында шаардагы мектептерге жана ОшМУга атайын чакыруу менен барып, ал жактагы окуучулардын, студенттердин немец тилине, маданиятына кызыгуусун көрүп абдан кубандык. Учурда 500дөн ашуун Кыргызстандык студенттер Германиянын жогорку окуу жайларында билим алышат”,-деди Моника Иверсен айым.

Мындан сырткары, эки өлкө шаарларынын ар тараптуу кызматташтыгы, саясий, социалдык жана экономикалык мамилелери тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий