• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Германиянын президенти Жээнбековду өлкө башчысы болуп шайланышы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 27.10.17 /Кабар/. Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбековдун басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргызстандын Президенти болуп шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эл аралык жана башка байкоочулардын баасы боюнча шайлоо адилеттүү жана тынч өткөнү мени кубандырат, бул жогорку мамлекеттик кызматта укуктарды демократиялуу өткөрүп берүүнү камсыздайт. Кыргызстан жана Германиянын ортосундагы мамилелер акыркы жылдары кыйла тереңдеди. Германия мындан ары да мамлекетте жана коомчулукта реформалар саясатын жүргүзүүнү улантуу ишинде колдоо көрсөтүүгө даяр. Сиздин жооптуу кызматыңызда албан ийгиликтерди каалайм”, - деп куттуктоодо айтылат.

Пикир

Оставить комментарий