ГЭС-2 айылында мас айдоочу жолдо турган аялды өлтүрө сүзүп кеткен

Кырсык 0


Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. 10-мартта болжол менен саат эртең мененки 6да Аламүдүн районунун ГЭС-2 айылында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматында, «Тойота Ист» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жогорку ылдамдыкта Алма-Ата көчөсүнө чыгып, жолдун четинде турган 1972-жылы туулган аялды коюп кеткен. Жыйынтыгында аял окуя болгон жерде, алган жарааттарынан улам көз жумган.

Кырсык болгон жерге келген Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери айдоочу мас абалда болгондугун аныкташкан.

Чогултулган материалдар Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий