• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ГЭС-2 айылындагы үйлөрдүн биринде жарылуу болду

Кырсык 0


Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун ГЭС-2 айылындагы үйлөрдүн биринде газ баллон жарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ӨКМге ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан үйдөн газ баллон жарылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине саат 15:00дө Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган. Азырынча кырсыктын чоо-жайы тактала элек.

Жеринде куткаруучулар иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий