• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Алмазбек Атамбаев Ивета Григуле башчылык кылган Европарламенттин өкүлчүлүгүн кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-февралда Европа парламентинин Борбор Азия өлкөлөрү жана Монголия менен кызматташуу боюнча өкүлчүлүгүнүн Төрайымы Ивета Григуле башында турган Европарламенттин өкүлчүлүгүн кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда өз ара аракеттешүүнүн негизги багыттары боюнча Кыргызстан менен Европа Бирлиги ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын маселелери талкууланды. Эл аралык жана регионалдык олуттуу маселелер боюнча пикирлер айтылды, саясий жана экономикалык реформалар, ошондой эле кийинки жылдары Кыргызстанда ишке ашырылган демократиялык өзгөрүүлөр, анын ичинде референдумда кабыл алынган Конституцияга оңдоолор талкууланды.

Ошондой эле жолугушууда Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа Бирлигинин Институттарына баруу менен Белгияга жана Германияга жакында болгон сапарынын жыйынтыктары талкууланды. Президент европалык лидерлердин толук түшүнүүсүн жана колдоосун тапкандыгын белгиледи жана европалык өнөктөштөр менен мындан ары кызматташуу активдеше турганына ишеним билдирди.

Андан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев Европарламент өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрү менен быйыл боло турган президенттик шайлоолорго даярдыкты талкуулады. Мамлекет башчысы Кыргызстанда шайлоолор таза жана ачык өтүп жатканын, алардын жыйынтыктары жарандардын жана шайлоо процессинин катышуучуларынын шектенүүсүн туудурбай турганын баса белгиледи.

Ивета Григуле Европарламент өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрүнүн атынан европалык баалуулуктарды жактаган өлкө Президенти менен жолугушууга мүмкүнчүлүк үчүн чын ниеттен ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий