• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Ак Шоола" балдар хору Абхазиядагы жана Орусиядагы сынактарда байгелүү орундарга ээ болду

Коом 0

Бишкек, 17-июль /Кабар/. Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси "Ак Шоола" балдар хору ушул жылдын 2-10-июлунда Абхазиянын Пицунда шаарында “Күн империясы” аттуу балдардын чыгармачыл сынак фестивалында үч жаш курак боюнча өзгөчөлөнүп, мыкты даярдыгы менен Үч биринчилик кубогуна, 1-даражадагы дипломдорго жана алтын медалдарга ээ болду.

Фестивалга Орусиянын ири шаарларынан жана КМШ өлкөлөрүнөн келген 350дөй бала катышып, хореографиялык, театралдык оюндарды, вокал жана аспаптык номерлерди, мындан сырткары сүрөт тартуу, графика боюнча күч сынашты.

Ал эми Кыргызстандын “Ак-Шоола” хору 10-июлдан 17-июлга чейин Орусиянын Сочи шаарында өткөн “Аква TEMP+” аттуу балдардын жана жаш жеткинчектердин 6-эл аралык фестиваль сынагына катышып, байгелүү орундарды багындырышты. Биринчилик орундарды үч жаш курак боюнча ээлешсе, мындан сырткары “артистизм” үчүн жогорку топ атайын сыйлык алышты.

Жалпысынан бул иш-чарага 200 бала катышты. Фестивалдын максаты Орусиянын жана КМШ өлкөлөрдүн көп улуттуу элинин салттарын сактап, өнүктүрүү жана искусство чөйрөсүндөгү жаш таланттарды ар тараптуу колдоо болуп саналат.

Эскерте кетсек, Абхазия өлкөсүндө “Ак-Шоола” хорунун балдары Сухум, Гагра жана Жаңы Афон шаарларын көрүп, Кара деңизге түшүп, кайтышты.

Пикир

Оставить комментарий