• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Гидроэнергетика. БА жана Каспий 2020» конгрессинде КРнын энергетикалык потенциалы тааныштырылды

Экономика 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. «Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий 2020» IV эл аралык конгресс жана көргөзмөсүндө Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бектур Маратбеков Кыргызстандын экономикалык потенциалы тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын ири энергетикалык потенциалы бар.

«Нарын дарыясында 4 каскад курууга болот. Жылына орточо 35 млрд кВт/сааттан ашык электр энергиясы иштелип чыгат. Ошондой эле Казарман жана Сары-Жаз ГЭС каскаддары бар», - деди ал.

Анын айтымында, учурда ГЭСтер боюнча инвесторду табуу иштери жүрүп жатат.

«Камабар-Ата ГЭС-1 Нарын дарыясында жайгашкан келечектүү долбоор. Ал жерде 8 каскад курууга болот», - деди ал.

Аны менен бирге ал Кыргызстанда Күн энергиясын колдонууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.

"Жылына Күн нуру орточо 2,1-2,9 миң саат тийип турат. Ал күн панелдерине орнотуу үчүн натыйжалуу болот», - деп, ал жылына орточо 1700 млн кВт/саат электр энергиясын чыгарууга болорун белгиледи.

«Гидроэнергетика. Борбор Азия жана Каспий 2020» IV эл аралык конгресс жана көргөзмөсү бүгүн Бишкекте ишин баштады. Бул иш-чара аймактагы (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Иран, Армения, Грузия жана Россия) ГЭСтерди куруу, модернизациялоо долбоорлорун натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бийлик жана бизнес өкүлдөрү ортосунда диалог куруу, тажрыйба алмашуу, чечимдерди табуу ж.б. үчүн аянтча болуп берет.

Пикир

Оставить комментарий