• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Гидроэнергетикалык тармак өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү катализатору - Разаков

Өкмөт 0

Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. «Гидроэнергетикалык тармак Борбор-Азиялык аймактын бардык өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү катализатору болуп саналат», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) өткөн «Суу туруктуу өнүгүү үчүн» Эл аралык он жылдык аракеттер боюнча жогорку деңгээлдеги эл аралык конференциянын жүрүшүндө.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн суу пайдалануу маселесине буруу боюнча тажик тараптын саясатын колдоого алат.

Жеңиш Разаков белгилегендей, кыргыз тарап ири ГЭСтерди куруу жана энергетикалык ресурстарды алмашуу жолу аркылуу энергетикалык тармактагы өз-ара пайдалуу узак мөөнөттүү кызматташтыкты жайгаруу үчүн чыгууда.

Борбор-Азиядагы суу ресурстарын өз-ара пайдалуу негизде пайдалануу иретиндеги эки тараптуу ийгиликтүү кызматташтыкка мисал катары вице-премьер-министр Кыргызстан жана Казакстандын Чу жана Талас дайраларынын бассейндери боюнча кызматташтыгын атады, анын алкагында тараптар мамлекет аралык пайдалануудагы суу чарба курулуштарын эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө чыгымдарды ордуна коюуда үлүштүк катышта иш алып барат.

Мындан тышкары, ал Кыргызстан аймактын суу-энергетикалык тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүнүн өз ара пайдалуу туруктуу экономикалык механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн чыгып жаткандыгын белгиледи.

«Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өкмөттөрү ортосундагы Сырдарыя бассейнинин суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча 1998-жылдын 17-мартындагы Келишиминин алкагындагы аймактык кызматташтыкты өркүндөтүү маанилүү болуп саналат, анда суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануунун компенсациялык механизми каралган», – деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Ошондой эле вице-премьер-министр белгилегендей, Борбор-Азия регионундагы мамлекеттердеги ири уран калдыктары сакталуучу жайлар дайраларга жана суу булактарына жакын жайгашкан, буга байланыштуу андагы авариялар ири масштабдагы экологиялык жана гуманитардык кырсыктарга алып келиши ыктымал.

«Буга байланыштуу Кыргыз Республикасы БУУ Башкы Ассамблеясынын келерки 73-сессиясында Борбор-Азиядагы уран калдыктары көйгөйүн чечүү үчүн мындан ары карай эл аралык колдоо көрсөтүү чакырыгы менен жаңы резолюция кабыл алууну сунуштайт», – деди Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр Кыргызстандын «Суу – туруктуу өнүгүү үчүн» Эл аралык он жылдык аракеттер алкагында бардык кызыкдар тараптар менен активдүү аракеттешүүгө даяр экендигин жана аны жактаарын дагы бир ирет тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий