• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Гидрометеорологиялык маалыматтарды бурмалаган физикалык жактарга айыппул салынат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында «КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Демилгечилер- Жогорку Кеңештин депутаттары А.Юсуров, М.Бакиров, К.Жолдошбаев. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады.

Мыйзам долбоору гидерометеорологиялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү жооптуу кызмат адамдары тарабынан мыйзам талаптары бузулса администрациялык жоопкерчилик белгилөө максатында иштелип чыккан. Тагыраак айтканда, шашылыш (штормдук) гидрометеорологиялык маалыматтарды берүү тартибин, гидрометеорологиялык байкоолор, айлана-чөйрөнү жана анын булганышынын абалына байкоо жүргүзүү өндүрүшүнүн эрежелери менен талаптарын бузгандарга айыппул салууга багытталган.

Мыйзам долбоору тармактык комитеттин корутундусунун негизинде 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий