• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Гиластын организмге пайдасы

Дүр дүйнө 0

Жашылча-жемиштердин убагы келди. Базарлардан бышкан, даамдуу жана эң башкысы ден соолукка пайдалуу гиласты таба аласыз. Аны күнүмдүк рационуңузга кошсоңуз организмде кандай өзгөрүү болот?

Эс-тутумду жакшыртат

Черешня антоцианинге бай, ал эс тутумга жана жалпы эле мээнин иштешине жакшы таасир этет. Бул Бостондогу университетте далилденген. Изилдөөгө алынган кемирүүчүлөрдүн рациону антоциандын кошумча бөлүгү менен байытылгандан кийин алардын эс тутуму жана кыймылдаткыч функциясы жакшырган. Мындан тышкары, көптөгөн кара мөмөлөр сыяктуу эле черешня да мээнин картаюусун жайлаткан жана эс тутумду сактаган полифенолго бай.

Зат алмашууну жакшыртат

Аталган мөмөдө В витамини жана клетчатка көп, алар ичеги-карындын иштешин нормалдаштырып, зат алмашууну жакшыртып, ич катууну жеңүүгө жардам берет. Анын курамындагы өсүмдүк антиоксиданттары майлуу тамактарды сиңирүүнү жеңилдетет. Ошондуктан, кечки тамактан кийин десерт үчүн эң жакшы чечим. Мындагы калийдин көп болушу шишиктен арылууга жардам берет.

Онкологиялык ооруларды алдын алуудагы пайдасы

Мөмөнүн курамында 100дөн ашык антиоксидант бар, бирок буга чейин тааныш болгон антоцианин, ошондой эле кверцетин өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Дал ушулар гиласты ракты алдын алуу ишинде жардамчы кылышат. АКШда бир жыл ичинде 3 кг же андан көп гилас жеген адамдардын онкология жана жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандыгы 1 кг же андан аз жегендерге салыштырмалуу азыраак экендиги далилденген.

Тери жылмакай болот

Гиластын курамындагы ретинол жана антиоксиданттар регенерация процесстерин тездетип, жаштыктын узак болушуна шарт түзөт, ошондой эле организмден шлак жана токсиндерди өз убагында чыгаруу менен безеткинин чыгышын алдын алат.

Уйку жакшырат

Гиластын курамында мелатонин көп, аталган гормон биздин биоритмге жана уйкубуздун сапатына жооп берет. Ошондуктан мөмөнү күнүгө жеп турса уйкуну күчөтүп, тез уктоого жардам берет жана эч кандай терс таасирлери жок.

Күнүнө канча гилас жегенге болот

Гиласты керектөөнүн суткалык нормасы 200 граммды - бир чөйчөктү түзөт. Бул өлчөмдө 110 калл, 2 грамм белок, 1 грамм май жана 21 грамм углевод бар. Бир чөйчөк гиласты күнүмдүк нормага кошуп, аны күндүн биринчи жарымында керектөө максатка ылайыктуу.

Гиласты кимдер этият колдонушу керек

  • Кант диабети менен ооругандар – гиластын курамындагы фруктоза кандагы канттын өлчөмүнүн көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн;
  • Аллергия менен жабыркагандар – гилас өзгөчө кызыл түстөгү аллергендүүлүгү жогору азыктардын катарына кирет. Ошондуктан аллергия менен жабыркагандар аны этияттык менен пайдаланышы керек;
  • Кош бойлуу жана эмизген энелер – гилас ичтин көбүүсүн шарттап, ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Экинчиден, жогоруда айтылгандай жаңы төрөлгөн наристенин аллергия болушуна алып келиши да мүмкүн.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий