• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Гипертония оорусу менен жабыркагандар кайсы дарыларга жеңилдик ала алат?

Ден соолук 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Гипертония оорусу менен жабыркаган камсыздандырылган жарандарга 50 пайыз жеңилдетүүлөр менен дарылар берилет. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Жеңилдетилген дарыларды алуу үчүн бейтапка:

1)Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда каттоого туруу;

2)Участкалык дарыгерден бекер консультация алуу жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча рецепт жаздыруу;

3)Дарыканага рецепти көргөзүп 50 пайыз жеңилдик менен дары алуу сунушталат. (http://foms.kg/page/dragsadress дарыканаларды даректери)

Дарылардын тизмеги:

1.Ацетилсалицил кислотасы ( же Ацекардол, Аспикард, Аспирин кардио, Тромбо АСС, Тромбопол);
2. Амлодипин (же Адипин, Амлорус, Амод, Авторекс, Тенокс, Короним);
3. Аторвастатин (же Арвастатин, Аторек, Аторвакор, Рестатор, Арвастатин, Аторис, Торвитин;
4. Бисопролол (же Беландж, Бидоп, Бисомор, Бисопрол, Бисопролол, Бисотекса, Конкор, Конкор Кор, Эмкор, Нипертен, Ризопрол).
5. Изосорбид динитраты (же Кардикет, Изо-Мик спрей, Изокет);
6. Индапамид (же Арифон Ретард, Индабрю, Индап);
7. Лизиноприл (же Багровен, Лизинокор, Листрил);
8. Нифедипин (же Кордипин ретард, Коринфар ретард, Нифекард ХЛ);
9. Эналаприл+Гидрохлортиазид (же Карлон Плюс, Энап-Н, Энап);
10. Эналаприл (же Берлиприл, Карлон, Эдниприл, Эднит, АКОС, Энап).

11. Гидрохлортиазид

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдиргендей, ар бир КР жараны Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда каттоодо турса, камсыздандырылбагандыгына карабастан бекер медициналык жардамдарды ала алат(дарыгердин кабыл алуусу жана консультациясы, 9 лабораториялык изилдөөлөр жана ж.б.)

Пикир

Оставить комментарий