• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Гиппермаркеттерден шектүү ичимдиктер табылды

Коом 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы ММК өкүлдөрү менен биргеликте Бишкектеги дүкөндөрдө шек жараткан алкоголдук ичимдиктерди текшерүүгө алышкан. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирген.

Бир күндүн ичинде “Глобус”, “Боорсок”, “Бишкектопмаркет”, “Фрунзе” гипермаркеттери жана “Народный” дүкөндөрү текшерилген.

Рейддин жүрүшүндө сатыктан шектүү эн белгиси бар 859 бөтөлкө арак алынган. Алардын жалпы суммасы 145,6 миң сом. “Глобус” гиппермаркетинде 288 бөтөлкө, “Боорсоктун” 2 гипермаркетинде 155 бөтөлкө, “Народный” дүкөнүндө 48 бөтөлкө «Семь дней» дүкөнүндө 16 бөтөлкө, “Бишкектопмаркетте” 307 бөтөлкө, “Фрунзеде” 45 бөтөлкө арак ичимдиктери алынган.

Сатыктан алынган ичимдиктердин 671 бөтөлкөсү “Аю”, 11-бөтөлкөсү “Ак Каз” 2 бөтөлкөсү “Алби Прайм Компани”, 154 бөтөлкөсү «КАТ» компаниясынын белгиси чапталган.

Пикир

Оставить комментарий