• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Глэмпинг түйүндөрүн өнүктүрүү, «Ак-Кемени» калыбына келтирүү. Туризмди алдыга жылдыруу долбоорлору

Өкмөт 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор боюнча кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому тарабынан иштелип жаткан долбоорлор сунушталды.

Атап айтканда, Баткен облусунун Раззаков шаарындагы 4 жылдыздуу мейманкана комплексинин, Баткен облусундагы санаториялык-курорттук комплекстин жана балдардын ден соолугун чыңдоочу лагердин долбоорлору көрсөтүлдү.

«Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомунун өкүлдөрү 960 млн АКШ доллары суммасындагы 32 бирдиктен турган санаториялык-курорттук объектилер тармагын өнүктүрүү долбоорун сунуштады. Ошондой эле «Ак-Кеме» мейманканасын калыбына келтирүү, өлкө аймактарында глэмпинг түйүндөрүн өнүктүрүү, Бишкек шаарына жакын жерде кароо аянтчасын түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу пландары тууралуу маалымат берилди.

Кеңешменин жыйынтыгында министрлер кбинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган жогоруда аталган долбоорлорду мындан ары иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий