• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Global Muslim Travel Index: Өзбекстан зыяраттык туризм боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. Global Muslim Travel Index-2019 жарыялаган маалыматка ылайык, Өзбекстан Ислам кызматташтык уюмунун катарына кирген өлкөлөрдүн арасында зыяраттык туризм боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди.

Мындай рейтинг жыл сайын Сингапурдун Crescent Rating и Mastercard компаниясы тарабынан жарыяланып турат.

Global Muslim Travel Index 2019 (GMTI) бул рейтингди түзүүдө өлкөлөрдөгү климат, коопсуздук, экономикалык абал, дин, транспорт жана туристтерге көрсөтүлгөн кызматтарды эске алышкан, – деп жазат ca-irnews.com.

Өзбекстандан тышкары Иран, Түркия, Сауд Аравиясы, Марокко, Бахрейн, Малайзия, БАЭ, Казакстан жана Индонезия алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирген.

Өзбекстандын бул рейтингде алдыңкы өлкөлөрдүн катарынан орун алышы өлкөнүн туризмди өнүктүрүү боюнча комитетинин Crescent Rating International агенттиги менен тыгыз кызматташтыгынын натыйжасы экенин баса белгилей кетүү керек.

Акыркы жылдардын ичинде аталган агенттиктин өкүлдөрү Өзбекстанда зыяраттык туризм тармагынын өнүгүп жатканын көрүү үчүн өлкөгө бир нече ирет барышкан.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын өкмөтү аймактагы мусулман туристтерди тартуу үчүн ар кандай иш аракеттерди кылышууда, анын ичинде визаны жокко чыгаруу жана аэропорттордо намазканаларды куруу сыяктуу иштерди жасашты.

Пикир

Оставить комментарий