• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Глобалдык бизнес тармагы 2021: Глобалдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү” конференциясы өттү

Экономика 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7-8-декабрында Кыргызстан, Малайзия жана Түркиянын ортосунда онлайн форматта “Глобалдык бизнес тармагы 2021: Глобалдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү” конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин кызматкерлери менен бирге КР Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаменти катышты.

Конференция малайзиялык HQC Commerce Sdn Bhd компаниясы тарабынан уюштурулган.

Конференциянын негизги максаты - 3 өлкөнүн экономикалык потенциалы менен таанышуу жана маалымат алмашуу, ошондой эле мындан аркы кызматташуу үчүн байланыштарды түзүү болду.

Жогорудагы видеоконференцияга Кыргызстандан, Малайзиядан жана Түркиядан 21 компания халал индустриясы, туризм, тамак-аш өнөр жайы, соода, билим берүү жана айыл чарбасы боюнча 6 түрдүү секторлор тармагынан катышты.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар ар бир өлкөнүн инвестициялык климаты жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалымат беришти. Ар бир тарапдан ар бир тармак боюнча өзүнчө видео жана презентациялар көрсөтүлдү. Катышуучулар ошондой эле сунушталган багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүн болуучу перспективалары боюнча пикир алышты.

Кыргыз тараптын атынан Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси А.Бекназаров куттуктоо сөзүн сүйлөп, Кыргызстан тууралуу айтып, өлкөнүн инвестиция үчүн эң приоритеттүү тармактарына токтолду.

КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Ч.Адамкулова өзүнчө сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасына токтолуп, Малайзиядан студенттерди Кыргызстандын жогорку окуу жайларына чакырууга кыргыз тараптын кызыкчылыгын белгиледи.

Мындан тышкары, КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Халал индустриясын өнүктүрүү борбору, КР Айыл чарба министрлиги, Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер союзу, Туризм департаменти жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы катышты.

Жыйындын соңунда катышуучулар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Өткөрүлгөн видеоконференция тараптар үчүн мындан аркы кызматташууга, маалымат алмашууга, жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачты.

Пикир

Оставить комментарий