• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Globe Soccer Awards: Роналду жылдын мыкты футболчусу болду

Спорт 0

Бишкек, 30.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. "Реал Мадриддин" чабуулчусу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу болду. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы "Реал Мадрид" менен Португалия курама тобунун футболчусу Роналду “Globe Soccer Awards” версиясы боюнча эки жыл катары менен мыкты спортчу деп табылды.

Белгилей кетүүчү жагдай, өтүп бара жаткан жылдын мыкты курамасы деп “Реал” табылган.

Эске сала кетсек, сыйлыктарды тапшыруу бейшемби күнү Дубайда өткөн.

Белгилей кетсек, мурда Роналду “Алтын топтун” ээси болуп, ФИФАнын версиясы боюнча мыкты деп табылган.

Пикир

Оставить комментарий