• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Go bus - 150 сом. Аэропорттон Бишкекке чейин экспресс каттамдар жүрө баштайт

Коом 0

Бишкек, 23.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Манас” аэропортунан Бишкекке жана кайра артка экспресс каттамдар жүрө баштайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова билдирди.

Анын айтымында, автобустар ушул айдын аягына чейин каттамга чыга баштайт.

“Башка коомдук транспорттордон айырмасы, экспресс каттамдар бир гана жүгүртмөгө ылайык жана эч токтоосун жүрөт. 18 орундуу автобустардын жүрүү акысы 150 сом болот. Эки айдан кийин билеттерди онлайн сатып алса болот. Ыңгайлуу транспорт күнү-түнү жарым сааттык интервал менен жүрөт. Сиз аларды Go bus деген жазуу аркылуу тааный аласыз”, - дейт ал.

Калашникова белгилегендей, Бишкектен Караколго чоң автобустарды чыгаруу пландалууда.

Белгилей кетсек, “Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААКнын түзүлгөнүнө 100 күн болду. Ал туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий