• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

GoBus автобустарынын алгачкы каттамы Бишкектен Караколго барды

Коом 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-декабрда GoBus автобустарынын алгачкы каттамы Бишкектен Караколго жетти. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Шаттл биринчи жолу жолго чыкканына карабастан билеттердин баары сатылган.

“Жүргүнчүлөрдүн саны өсүп жатат. Алсак, 30-декабрга карата билеттер дээрлик калбай калды. Ал эми 31-декабрга бир аз гана орундар бар. Жол кире акысы 450 сомду түзөт, аны GoBus тиркемесин жүктөп алып, сатып алуу керек”, - деп айтылат маалыматта.

GoBus автобустарына 50 адам батып, белгилүү бир убакыт боюнча жүрөт. Караколго алты сааттын тегерегинде жетсе болот.

Пикир

Оставить комментарий