• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Голландияда үч кишини атып өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Дүйнө 0

Бишкек. 19.03.19 /Кабар/. Нидерланддын Утрехт шаарында ок атууга шектелген киши кармалды. Акыркы маалыматтар боюнча полициянын атайын бөлүгү ал жашынды делген имаратты курчоого алды. Шектүү 37 жаштагы Түркия жараны Гөкмен Танис экени айтылууда.

Шаарда мектептер жана мечиттер кайтарууга алынып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Коомдук транспорттун иши убактылуу токтотулду. Калаада теракт коркнучу эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү.

Дүйшөмбү күнү кечинде Нидерланддын Утрехт шаарында куралчан адам трамвайдын ичинде жүргүнчүлөргө ок атып, андан кеминде үч кишинин өмүрү кыйылган. Утрехттин мэри Ян ван Занен билдиргендей, жаракат алган тогуз кишинин үчөө оор абалда жатат.

Террордук акт эң башкы версия эмес. Полиция кол салуу жеке маселелерден улам чыгышы мүмкүн экенин эске алууда. Күбөлөр шектүү бир аялды мээлегенин жана ага жардам бергендерге да ок чыгарганын айтышкан.

Нидерланд премьер-министри Марк Рютте өкмөт бул окуяга байланыштуу чукул жыйын өткөрөрүн маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий