• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Голливуд жылдызы Кирк Дуглас 103 жашында көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Легендарлуу америкалык актёр Кирк Дуглас 103 жашында көз жумду. Бул тууралуу кечээ, 5-февралда анын баласы Майкл Дуглас билдиргенин Известия басылмасы жазат.

"Кирк Дуглас дүйнө жүзүнө легенда катары таанылды жана "алтын кылымдын" актёру", - дейт анын баласы.

Дуглас таасирдүү "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарын жеңген. Ошондой эле Американын Киноискусства институтунун версиясы боюнча Голливуддун мыкты 20 актёрунун катарына кирет.

Америкалык актёр "Спартак", "Туз в рукаве", "Детективная история" жана "Злые и красивые" кинолору менен дүйнөгө таанылган.

Пикир

Оставить комментарий