• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

"Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы толугу менен кыргыз тараптын көзөмөлүндө — УКМК

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кыргыз тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына кошумча аскердик күчтөрдү тартууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда тараптардын курал колдонуу менен тирешүүсү уланууда.

"Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы толугу менен кыргыз тараптын көзөмөлүндө", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Бүгүн Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Учурда чек арада чыккан чырдын кесепетинен 1 адам каза болуп, 31 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий