• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Голуновдун иши: ИИМдин эки генералы кызматынан бошотулду

Дүйнө 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Орусиянын президенти Владимир Путин «Медуза» басылмасынын журналисти Иван Голуновдун ишине байланыштуу полициянын эки генералын кызматынан бошотту.

Москванын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Батыш административдик округу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Андрей Пучков жана ИИМдин Башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Юрий Девяткин кызматынан бошотулду. Мунун алдында ички иштер министри Владимир Колокольцев аларды иштен бошотууну Владимир Путинге сунуш кылган.

«Медузанын» кабарчысы Иван Голунов 11-июнда кечинде абактан чыккан. ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын алдында аны ондогон адамдар тосуп алышкан. Мунун алдында журналистке козголгон кылмыш иши токтотулган.

12-июнда Москвада жана Орусиянын бир катар шаарларында Голуновду колдогон акциялар өткөн. Москвадагы жүрүштө 500дөн ашык адам кармалган.

Иван Голунов 6-июнда баңгизат соодасына байланыштуу шек саналып кармалган. Адвокаты анын чөнтөгүнө жана батирине баңгизат атайын ташталганын билдирген.

Голунов өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин кийинки убакта иликтеп жүргөн көрүстөн бизнесине байланыштырып жатат. Ал иликтөө ушул күндөрү жарыяланмак.

Пикир

Оставить комментарий