• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Гонконгдогу аукциондо дүйнөдөгү эң кымбат жер тилкеси сатылды

Дүйнө 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. Гонконгдогу өкмөттүк аукциондо дүйнөдөгү эң кымбат жер тилкеси рекорддук 3 миллиард долларга сатылды.

"South China Morning Post" гезити билдиргендей, тилке Гонконгдун чок борборунда, кыймылсыз мүлккө болгон баа дүйнө жүзү боюнча эң кымбат болгон аймакта жайгашкан.

Henderson Land ири кыймылсыз мүлк компаниясы тарабынан сунушталган баа, эксперттер болжогон 2-2,8 млрд доллардан ашып кеткен. Аукционго дагы 8 ири компания катышкан. Анын ичинде материктик Кытайдан да бар. Тилкеде учурда 5 кабат унаа токтотуучу жай жайгашкан. Henderson 2022-жылга чейин аны бузуп жаңы марат курууну пландаштырууда.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий