• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Гонконгдо жаңы коронавируска каршы вакцина ойлоп табышты

Дүйнө 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Гонконгдо окумуштуулар коронавируска каршы вакцина ойлоп табышты. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазат.

Бирок аны клиникалык сыноолордон кийин гана колдоно баштоого болот.

Окумуштуулардын айтымында, вакцинаны жаныбарларга сыноо бир нече айды алышы мүмкүн. Ал эми аны адамдарга сыноону кийинки жылдан тарта баштап, андан кийин гана аны менен эмдөөгө өтсө болот.

Коронавируска каршы вакцинаны ойлоп табуу үчүн Кытай, АКШ жана Россияда аракеттер көрүлүүдө.

Эскерте кетсек, коронавирустун жаңы түрү Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын аягында чыккан. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда болгон.

Интерфакс агенттигинен алынды

Пикир

Оставить комментарий