• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Гонконгдук миллиардер 90го чыкканда пенсияга кетүүнү чечти

Дүйнө 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Гонконг шаарынын эң бай адамы Ли Кашин 2018-жылы өзү негиздеген “CK Hutchison Holdings Ltd” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагалык кызматын өткөрүп берип, пенсияга чыгууну чечкен. Бул тууралуу “The Wall Street Journal” басылмасы миллиардердин жакындарына шилтеме берип жазып чыкты.

“Forbes” журналы 2017-жылга карата түзгөн миллиардерлердин тизмеси боюнча бизнесмен 19-орунду ээлеген. Ал эми Гонконг шаарындагы миллиардерлердин сап башында турат. “Forbes” журналы анын байлыгын 33,1 млрд АКШ доллары деп баалаган. Азиядагы миллиардерлердин арасынан аны “Alibabaнын” негиздөөчүсү Джек Ма гана басып өткөн.

“WSJ” басылмасы билдиргендей, бизнесмен төрагалык кызматын 90 жашка чыкканда өткөрүп берүүнү пландап жатат. Учурда миллиардер 89 жашта. 90го 2018-жылдын 29-июлунда чыгат. Ошондой эле, маалыматта анын ордуна баласы Виктор Ли калышы мүмкүн экени айтылат.

Ли Кашин пенсияга кетүү планын айтканы менен анын так датасын жарыялаган эмес. Пенсия жөнүндө сөз кылганы менен, ал өзүн абдан жакшы сезет. Компаниянын төрагалыгын өткөрүп берген күндө да ал ишкерликтен биротоло кетпейт. Холдингдин башкы кеңешчиси кызматын аткараарын билдирген.

Ли Кашин 1928-жылы Кытайдын Гуаньдун провинциясында жарык дүйнөгө келген. 1940-жылдары анын үй бүлөсү Гонконг шаарына көчүп келген. Өспүрүм курагында ал заводдо пол жуугуч болуп иштеген. Алгачкы кирешесин пластикадан жасалган гүлдөрдү сатып тапкан. Андан соң ал кыймылсыз мүлккө ийгиликтүү инвестиция жасаган. Учурда анын кыймылсыз мүлктөн тышкары ритейлер тармагында компаниялар, телекоммуникация, энергетика, биотехнология тармагында ишканалары бар. Ли Кашиндин ишканаларында дүйнөнүн 50 өлкөсүндө 270 миңден ашык жаран эмгектенет.

Булак: ca-news

Пикир

Оставить комментарий