• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россияда өрттөн жабыркаган кыргыз жарандардын бири каза болду

Коом 0

Бишкек, 07.03.19. /Кабар/. Бешинчи март күнү Россиянын Гороховец шаарындагы айнек идиш чыгаруучу заводдо чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандыктын бири көз жумду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазат.

Маалыматка ылайык, ал жаран Нижний Новгороддун Приволжск медициналык изилдөө университетинин күйүк борборунда болгон. Ал бүгүн түнү көз жумган. Анын 80% денеси күйүп кетип, абалы оор болгон.

Белгилей кетсек, 5-мартта болгон өрттөн 7 адам жабыркап, анын экөө кыргызстандык болгон. Алардын бири Гороховец шаарынын ооруканасына, ал эми экинчи жигит Приволжск медициналык изилдөө университетине жеткирилген.

Ошондой эле, калган жабыркагандардын абалы оор экени айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий