• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Гранттык негизде окуу мүмкүнчүлүгүнө кимдер талапкер боло алат? Жооп

Билим 0

Бишкек, 08.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде гранттык негизде окуу мүмкүнчүлүгүнө кимдер талапкер боло аларын айтып берди.

Анын айтымында, гранттык негизде окуу мүмкүнчүлүгүнө жалпы республикалык тестирлөөнү мыкты тапшырган алдыңкы 50 абитуриент, башкача айтканда, “Алтын сертификатка” ээ болгондор.

“Ошондой эле быйылкы жылы республикалык мектеп окуучуларынын олимпиадасында 1-2-орунга ээ болгон же эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгондор олимпиаданын предмети дал келген адистиктерге жана даярдоо багыттарына, жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан болсо конкурстан тышкары кабыл алынат. Быйылкы жылы республикалык мектеп окуучуларынын олимпиадасында 3-орунга ээ болгон абитуриенттер, олимпиаданын предмети профилдик болуп саналган педагогикалык адистиктерге жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан шартта кабыл алынат. Кабыл алуу процесси 2 же 3 тур болушу мүмкүн”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий