• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, мыйзам долбоору өз маалында депутат Г. Скрипкина тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоору боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алмамбет Шыкмаматов баяндама жасады.

Баяндамачынын айтымына караганда, долбоор КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу боюнча иштелип чыккан. Ага ылайык Граждандык кодекстин 215-беренесинин 2-пунктунун биринчи абзац КР Конституциясына карама-каршы келет деп таанылган. Долбоор тийиштүү жагдайлар болгон учурда жарандык укуктук мамилелердин катышуучуларына доо арыздын эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү бөлүгүндө бир түрдүү укук колдонууга жана сот практикасын түзүүгө багытталган.

Мыйзам долбоору менен Граждандык кодекстин 215-беренесинин 2-пунктунда каралган субъектилерге тийиштүү шарттар болгон учурда доо арыздын эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүгө укуктук мүмкүнчүлүк берет. Долбоор менен Граждандык кодекстин 215-беренесин жаңы редакцияда баяндоо сунуш кылынат. Ал жерде юридикалык жактар жана ишкерлер үчүн доо арыздын эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүгө жол-жоболоштуруп тыюу салууну чектөөнү жокко чыгарат. Бул жарандык иштин катышуучуларынын тең укуктуулугун таанууга, бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү камсыз кылууга, аларды соттук коргоо принциптерин тийиштүү деңгээлде жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Сунуш кылган норма доо арыздын эскирүү мөөнөтү бүткөндөн кийин, өзүнүн бузулган укуктарын коргоо үчүн сотко өз учурунда кайрылуу мүмкүнчүлүгүн ачыктан-ачык айкындап турган шарттар пайда болгон учурда жарандык укуктук мамилелердин субъектилери үчүн мүмкүнчүлүк жаратат.

Талкууда депутат Курманкул Зулушев мыйзам долбоорундагы айрым пунктарды мыйзамдын тилинде жазууга чакырды.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий