• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык Акылбек Талантбеков финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 09.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Таиландда юниорлор арасында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Акылбек Талантбеков турнирдин финалына чыкты.

Турнир бүгүн Чонбури шаарында старт алды. Ага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.

Талантбеков 77 кг чейинки салмак категориясында чейрек финалдан баштап катышты. Ал өзбекистандык балбан Дильшод Омонгельдиевди 5:4 эсебинде, кытайлык Келан Бахетжанганы 6:0 эсебинде жеңген. Алтын медалга болгон беттеште Талантбеков Ирандан келген Мохаммед Азиз Нагуси менен күрөшөт.

Мындан сырткары, улуттук курама командабызда коло медаль утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Алар Азат Малидинов 87 кг чейинки салмак категориясында индиялык Кумар Сунил менен күрөшөт. Нурсултан Махмудов 63 кг чейинки салмак категориясында кореялык Сангжун Парк менен кармашат.

Пикир

Оставить комментарий