• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулардын эсебине дагы бир медаль кошулду

Спорт 0

Бишкек, 11.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Таиландда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык Нуржигит Кеңешбек уулу күмүш медалды тагынды.

Турнир Чонбури шаарында 9-июлда башталган.

Кеңешбек уулу 67 кг чейинки салмак категориясында күрөшкөн. Алтын медаль үчүн күрөштө кыргызстандык балбан ирандык Бахрам Тайяр Маруфхани Ичмех 6:0 эсебинде утулуп калган.

Турнирдин экинчи күнүндө кыргызстандык спортчулардын куржунунда эки медаль бар.

Алгачкы күмүш медалды Акылбек Талантбеков алган, ал финалдык беттеште ирандык Ирана Мохаммед Азиз Нагусиге 3:6 эсебинде жеңилип экинчи орунга илинген.

Пикир

Оставить комментарий