• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Украинадагы мелдеште күчүн сынашат

Спорт 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Украинанын алдыңкы балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 25-февралда башталып, 28-февралга чейин уланат.

Аталган мелдеште грек-рим күрөшү боюнча курама команда төмөнкү курамда катышат:

1. Нурмухамед Абдуллаев 55 кг;
2. Жоламан Шаршенбеков 60 кг;
3. Калы Сулайманов 63 кг;
4. Марлен Асыкеев 67 кг;
5. Амантур Исмаилов 67 кг;
6. Акжол Махмудов 77 кг;
7. Кайрат Туголбаев 77 кг;
8. Калидин Асыкеев 82 кг;
9. Азат Салидинов 87 кг;
10. Узур Жузупбеков 97 кг;
11. Роман Ким 130 кг.

Эскерте кетсек, аталган мелдешке эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы катышат.

Пикир

Оставить комментарий