• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы Азия чемпионатында 5 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы Индиядагы Азия чемпионатында беш медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш кечээ Нью-Дели шаарында жыйынтыкталды.

Кыргызстандын курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө 6-орунга жайгашты.

Азат Салидинов (87 кг) жана Жоламан Шаршенбеков (60 кг) күмүш медаль жеңишти. Ильяз Ренат уулу (77 кг), Роман Ким (130 кг) жана Руслан Царев (72 кг) коло медалды тагынышты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-февралда Кыргызстандын кыз балбандары таймашка чыгат.

Пикир

Оставить комментарий