• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Бишкектин Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 17-18-февраль күндөрү грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдириишти.

Республикалык чемпионатка өлкөнүн баардык аймактарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан 229 балбан катышты.

Чемпионаттын биринчи күнү 5 (55 кг, 63 кг, 72 кг, 82 кг, 97 кг) салмак категорияда беттештер өттү. Ал эми мелдештин экинчи күнү килемге калган беш салмак боюнча (60 кг, 67 кг, 77 кг, 87 кг,130 кг) кармаштар өтүп, финалдык беттештер болду.

Чемпионатта 1, 2, 3-орунду ээлеген спортчулар Дирекциянын тиешелүү деңгээлдеги диплом, медалдары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий