• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Греция Кыргызстанга акысыз негизде COVID-19га каршы вакцина берүүгө даяр

Коом 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтүп жаткан «Европа Биримдиги - Борбордук Азия» Биринчи экономикалык форумунун алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Костас Фрагогианнис менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар алдыда боло турган эки тараптуу иш-чараларды, анын ичинде 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелеринин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү, саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну талкуулашты.

Министрдин орун басары Костас Фрагогианнис грек тараптын саясий жана экономикалык чөйрөлөрдө мамилелерди активдештирүүгө, жашыл экономиканы, туризмди, сооданы өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Инвестициялык кызматташуу жаатында «Enterprise Greece» уюму аркылуу өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле грек бизнес делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштурууга даярдыгы белгиленди.

Ал грек тарап ошондой эле акысыз негизде COVID-19га каршы вакцина берүүгө даяр экендигин билдирди

Пикир

Оставить комментарий