• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Греция туристтерге эшигин ачат, 29 өлкөнүн жарандары карантинсиз кире алат

Дүйнө 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Жекшембиде Греция коронавирус эпидемиясынан улам киргизилген карантин чараларын жумшартты. 15-июндан тартып Грецияга 29 өлкөнүн жарандары карантинсиз кире алат. Алардын тизмеси май айында эле жарыяланган.

Россия бул тизмеге киргизилген жок. Бирок орусиялык жарандар өкмөт белгилеген мейманканаларда бир жума жашоо шарты менен бара алышат. Эгер алардын коронавирус тесттери таза чыкса, деңиз жээгинде эс алууга уруксат берилет.

Греция Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн ичинен пандемиядан азыраак зыян тартты. Коронавируска жалпысынан үч миңдей киши чалдыккан. Соңку суткада 17 киши гана вирус жуктуруп алганы аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий