• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Грецияда абанын ысыгы европалык рекордду койду

Дүйнө 0

Бишкек, 2-июль /Кабар/. Европалык температуралык рекорд ишембиде Грецияда 45,9 градус болгондугун meteo.gr сайты билдирди. Мындай аба ырайы Криттеги Ираклион шаарынан алыс эмес, Мирес районунда байкалган.

Грецияда күн катуу ысып жатканына бир жумадан ашты. Бирок бейшембиден бери 40 градустук ысык орун алды.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, төрт станцияда термометр 44 градусту, 25 станцияда 42 градусту көрсөткөн.

Жекшембиде Аттика жана Пелопоннес аймактарында 44-45 градус ысык сакталат.

Абанын температурасынын 33-34 градуска дүйшөмбүдө түшүүсү күтүлүүдө.

Афина мэриясы кондиционерлер коюлган 10 имаратты ачкан. Мында каалоочулар ысыкта келип турууга болот. Бул имараттар ириде калктын алсыз катмарларына арналган.

Өрт кызматтары өрт чыгуу коркунучу тууралуу эскертип, от жагууга тыюу салууда. Эскертүүлөргө карабастан, Грецияда ишембиде бир нече өрт чыккан.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий