• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Григорий Лепс Бишкекке келет

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Орус эстрадасынын атактуу ырчыларынын бири Григорий Лепс Бишкекке концерт коюп келет. Бул тууралуу артисттин расмий сайтында айтылат.

Ырчы Астанадагы концертинен кийин Кыргызстанга келип, Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда келерки жылдын 2-апрелинде концерт коет. Андан кийин ал кайра Казакстанга – Алматага кетет.

Былтыр Лепс россиялык “Биринчи Каналдын” элдик добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен Россиянын эң атактуу ырчысы аталган.

Белгилей кетсек, Григорий Лепс Бишкекке 2015-жылы Көз карандысыздык күнүнө карата келип, ырдап кеткен.

Пикир

Оставить комментарий