• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Гриндев: Биз ЕАЭБде санариптештирүүгө көмөктөшөбүз

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22 /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтүп жатат. Бул аймактагы ири иш-чара, анын жүрүшүндө ар кайсы өлкөдөн келген адистер көптөгөн актуалдуу маселелерди талкуулашат. Иш-чара алты талкуу аянтчасына бөлүнүп, алардын жүрүшүндө 20 сессия өтөт. Тараптар экономика, санариптештирүү, логистика маселелерине токтолуп, учурдагы геосаясий абалдан чыгуунун жолдорун талкуулашат.

“ЕАЭБдин санариптик күн тартиби 2.0” панелдик талкуусунун жүрүшүндө “ЕАЭБди натыйжалуу интеграцияга карата ачкыч катары санариптик өнүктүрүү” сессиясы өтүүдө. Маалым болгондой, ЕАЭБдин санариптик күн тартибин андан ары өнүктүрүү, албетте, тез өзгөрүп жаткан дүйнөнүн фонунда глобалдык тенденцияларды жана чакырыктарды эске алуу менен санариптик чөйрөдөгү башкаруучулук чечимдерди тынымсыз кайра карап чыгууну жана аларды ишке ашырууга мамилени жакшыртууну талап кылат. Эксперттер андан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Евразия өнүктүрүү банкынын санарип демилгелер фонду дирекциясынын директору Виктор Гриндев 2020-жылы санариптик өнүгүүдө өлкөлөргө жардам көрсөтүү үчүн санарип демилгелер фонду түзүлгөнүн белгиледи.

“Биз долбоорлордун 3 түрүн аныктайбыз – маалыматташтыруу боюнча долбоорлор, санарип инфраструктуларды калыптандыруу жана санариптик трансформация. Үчүнчү бөлүмгө көбүрөөк көңүл бурабыз. Мындагы кыйынчылык бизде ыкма жана так кадамдардын жоктугуна такалат. Долбоорлоо жана баалоого байланыштуу конструкция жок. Өзгөчө элемент – эски чечимдер, биз буга дайыма дуушар болобуз, бирок алар жардам бербейт, тескерисинче басаңдатат.

Долбоорду ишке берүүдө иштер түрдүү деңгээлде жүргүзүлөт. Азыр биздин фонд бир канча багыт боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. Биз “COVID-19суз саякат” мобилдик тиркемесин баштап, ошону менен адамдар ары-бери каттай башташты. Татаал конструкция иштелип чыккан, анда маалыматтар санариптик эгемендүүлүктү сактоодо маалыматтарды берүүсүз мамлекеттик юрисдикцияда калган”, - деди Гриднев.

Ал азыркы учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесине көмөктөшө турган бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалады. Долбоорлордо биримдикке кирген өлкөлөрдүн кызыкчылыгы жана санариптик коопсуздугу эске алынат. "Долбоорлордун топтому ар кандай булактардан – мамлекеттерден, бизнестен, дүйнөлүк тенденциялардан келип чыгат. Азыр кандайдыр бир глобалдуу долбоордо санариптик компонент бар", - деди ал.

Мындан тышкары, адис фонд ар кандай диалогго ачык экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий