• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Грузияда баңгизат даярдоого күнөөлүү деп Кыргызстандын үч жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Грузия ИИМнин кызматкерлери Тбилиси, Кутаиси жана Батуми шаарларында эл аралык кылмыш тобунун мүчөлөрүн ири көлөмдөгү баңгизаттарды даярдоо, сактоо жана сатууга күнөөлүү деп кармаган.

Грузиянын ИИМнин борбордук криминалдык полиция департаментинин жетекчиси Мамука Челидзе билдиргендей, Россиянын бир жараны, Украинанын бир жараны, Грузиянын бир жараны жана Кыргызстандын үч жараны кармалып, баардыгына расмий күнөө коюлган.

Челидзе белгилегендей, Украинанын жараны баңгизатты даярдоочу адамдарды издеп, аларды Грузияга чакырып, алардын ишин көзөмөлдөчү. Ал эми россиялык жарандын калп компаниясынын атына чет өлкөдөн керектүү химиялык элементтер алынчу. Кыргызстандын жарандары жана Грузиянын жараны ар түрдүү химиялык элементтерди жана прекурсорлорду аралаштыруу менен баңгизаттарды даярдашкан. Ошондой эле, Казакстандын бир жараны бул иште фигурант катары кетүүдө.

ИИМден билдиришкендей, баңгизаттар даяр болгондо, атайын катылган кампаларда сакталып, ал жактан атайын жеткирүүчү адам алып кетчү. Баңгизаттар бир гана Грузияда эмес, интернет аркылуу Армения, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстанга сатылчу.

Ал эми кармалгандардын үйүнөн 21 кг кум түрүндөгү зат жана 10 кг суюктук табылган. Аларды аралаштырып, синтетикалык заттар даярдалчу. Алынган заттардын баасы көмүскө базарында 2 млн доллардан жогору болот.

Грузиянын мыйзамына ылайык, кармалгандар 8ден 20 жылга чейин же мөөнөтү жок убакытка камылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий