• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Грузияда чочко тумоосу менен ооругандардын саны кескин өсүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Грузияда чочко тумоосу менен ооругандардын саны кескин өсүүдө. Бүгүнкү күндө дагы эки адам көз жумган, деп билдирет Day.Az агенттиги.

Маалыматка ылайык, чочко тумоосунан дарыланып жаткан дагы эки адам ооруканадан көз жумган. Алар 48 жаштагы эркек киши Түркиянын Трабзон шаарынын ооруканасында жана 33 жаштагы аял Батуми шаарында дарыланып жатып каза болушкан.

Экспертиза маркумдар A (H1N1) чочко тумоосу вирусунан көз жумгандыгын учурда тактап жатат.

Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө Грузияда 19 адам чочко тумоосунан көз жумгандыгы лаборатордук жактан тастыкталган.

Пикир

Оставить комментарий