• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Грузияда эркин күрөш боюнча турнир өтөт – КРнын атынан барчу спортчулардын тизмеси

Спорт 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Эркин күрөш стилиндеги КР балбандары Грузияда өтө турган эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Тбилисиде 1нен 6-июлга чейин өтө турган V.Balavadze and G.Kartozia эл аралык турнирине Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү катышат.

Алар: Алибек Ташматов (57 кг), Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Алибек Осмонов (65кг), Догдурбек уулу Эламан (70 кг), Муслим Евлоев (74 кг), Магомед Мусаев (97 кг). Машыктыруучу Руслан Маджинов.

Мелдешке катышуу үчүн кураманын мүчөлөрү спорттун улуттук түрү боюнча дирекциядан каржыланат. Ал үчүн 717 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий