• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Грузияда президенттик шайлоонун экинчи туру болот

Дүйнө 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Грузияда президенттике талапкерлердин бири дагы жеңишти камсыздай турган 50 пайыздан ашык добуш топтой алган жок. Бул тууралуу Грузия Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 99 пайызы саналып бүткөндөн кийин билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча учурда “Грузин кыялы” башкаруучу партиясы колдогон Саломе Зурабишвили 38,6 пайыз менен алдыда келе жатат. Анын атаандашы оппозициячыл талапкер Григол Вашадзе 37,7 добуш топтоду.

Оппозиция бийликти добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоого айыптоодо, ал эми мурдагы президент Михаил Саакашвили эгер буга жол берилген болсо Грузияда “элдин каарынан турган цунами болорун” билдирди.

Грузия БШК төрагасы Тамар Жваниянын айтымында, шайлоонун акыркы жыйынтыгын чыгарууга мыйзам боюнча 20 күндүк мөөнөт берилген. Андан эки жума өткөн соң добуш берүүнүн кийинки туру жарыяланат.

Бул саясий өнөктүк - Грузиянын жарандары президентти түз шайлаган акыркы шайлоо.

Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, 2023-жылдан тарта президентти парламент депутаттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кирген 300 адамдан турган шайлоочулар жамааты шайлайт. Грузияда президенттин бийлик укуктары чектелүү.

Пикир

Оставить комментарий