• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Грузиядагы президенттик шайлоодо Саломе Зурабишвили жеңишке жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, президенттик шайлоонун экинчи айлампасында бийлик колдогон талапкер Саломе Зурабишвили жеңишке жетти.

Ал добуштардын 59,5 пайызын алса, оппозициялык талапкер Григол Вашадзени шайлоочулардын 40 пайыздан ашыгы колдогон.

Шаршембиде өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасына болжол менен жарандардын 56% катышты. БШКнын маалыматына караганда, Зурабишвили өлкөдөгү ири шаарлардын дээрлик бардыгында жеңишке жеткен.

Зурабишвили дагы, Вашадзе дагы мурда өлкөнүн Тышкы иштер министрлигин жетектешкен. Саломе Зурабишвилини бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы колдогон. Анын шайлоо алдындагы программасынын башкы пункттары Грузиянын НАТОго кошулуусу жана өлкөнү тынчтык жол менен бириктирүү болгон. Григол Вашадзенин талапкерлигин мурдагы президент Михаил Саакашвилинин «Бирдиктиктүү улуттук кыймылы» башында турган оппозициялык коалиция көрсөткөн.

Бир ай мурда өткөн шайлоонун биринчи айлампасында дагы Зурабишвили добуштардын көбүнө ээ болгон. Анда оппозиция бийликти шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого аракет кылды деп айыптаган.

Грузияда президент алты жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолу мамлекет башчы акыркы жолу түз шайланды. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, мындан кийин президентти өлкөнүн парламенти жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен шайлоочулардын 300 адамдан турган жамааты шайлашы керек.

Пикир

Оставить комментарий