• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Грузиянын эки жараны Бишкектеги батирлердин бирин тоноого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.07.19. /Кабар/. Грузиянын эки жараны Бишкектеги батирлердин бирин тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, ушул жылдын 7-июнь күнү Биринчи май райондук милициясына шаар тургуну кайрылып, белгисиз бирөөлөр батирин тоноп кетишкенин билдирген. Анын айтымында, уурулар эшиктеги кулпун бузуп кирип, үйүнөн 113 миң 400 сом жана 3 миң 870 доллар уурдап кетишкен.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 200-берене ("Уурдоо") боюнча каттоого алынган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары Грузиянын 53 жаштагы Э.Ж. жана 55 жаштагы М.В. аттуу жарандарын кармашкан.

Кармалгандар Бишкек шаардык милициясын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда, кармалгандардын башка иштерге тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий