• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Гуанчжоудагы кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилешти

Коом 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Гуанчжоудагы Кыргыз диаспорасы Нооруз майрамын белгиледи. Бул тууралуу КРнын Гуанчжоудагы башкы консулдугу билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага 85 кыргызстандык катышты, анын ичинен 55и студенттер болуп саналат. Саламдашуу сөзүндө Башкы консул Максат Тентимишов иш-чаранын катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттуктап, консулдук мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

“Майрамдык иш-чаранын алкагында кыргыз диаспораснын активдүү мүчөлөрү тарабынан ар түрдүү сынактар менен маданий программа уюштурулуп, анын жеңүүчүлөрүнө эстелик байгелер берилди”,-деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, жарандык укук мүмкүнчүлүгүнө – 2017-жылы ноябрда Гуанчжоу шаарындагы шайлоо тилкелеринде КР Президентин шайлоого катышуу укугуна ээ болуу үчүн кыргыз коомчулугунун өкүлдөрүнө консулдук учетко туруп, биометрикалык маалымат тапшыруунун зарылдыгы тууралуу маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий