• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Гуандун фармкорпорациясы Кыргызстанда дары чөптөрдү өстүрүүнү пландап жатат

Ден соолук 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. Гуанчжоу (Кытай) шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу Максат Тентимишов гуандун фармацевтикалык корпорациясынын «Байюньшань» өнөр жай комплексинин маркетинг Департаментинин директору Чжуан Хуанмин менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугунан билдиришти.

Белгиленгендей, жолугушууда тараптар Кыргызстанда дары чөптөрүн өстүрүү жана КЭРге ташуу маселелерин талкуулашты.

Чжуан Хуанмин айлана чөйрөнүн булгануу маселелерин белгилеп, дары чөптөрүн өстүрүүгө аянттардын кыскаруусу тууралуу маалымдады. Департаменттин директору КЭРде соңку жылдары эмгек акысынын көбөйүшүн баса белгилеп, КРдагы өздүк баага кызыкты.

Башкы консул Кыргызстанда аймак боюнча маянаны төмөндүгүн маалымдап, экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүүгө, анын ичинде дары чөптөрүн өстүрүүгө жарактуу кеңири тоолуу жана тоо этектериндеги аймактардын бар экендигин билдирди.

Чжуан Хуанмин гуандун фармацевтикалык корпорациясы Гуандун провинциясындагы дары чөптөрүн сатып алуу боюнча эң ири корпорация экендигин маалымдады. Ошондой эле, гуандундук маектеш дары чөптөрүн сатып алуу тууралуу узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү мүмкүндүгүн белгиледи.

Тараптар Кытайдын стандарттарына дал келүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, КРда дары чөптөрүнүн сынамык партиясын өстүрүү максаттуу деген чечимге келишти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча фармкорпорациянын адистерин шарттар менен жеринде таанышып, кыргыз фермерлерин өстүрүү технологияларына окутуу максатында жакынкы арада Кыргызстанга жиберүүгө келишишти.

Пикир

Оставить комментарий