• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Гуандун провинциясынын логисттер ассоциациясы КР товарлары үчүн имарат берет

Экономика 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. КРнын Гуанчжоудагы (КЭР) башкы консулу Максат Тентимишов Гуандун провинциясынын логисттер ассоциациясынын аткаруучу директору Ма Жэньхун менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Гуандундун логисттер ассоциациясынын ортосунда ишмердүүлүк байланышын түзүү маселесин, кытай товарларынын Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө транзитин талкуулашты.

Кыргыз товарларынын Гуандун провинциясынын базарларына экспортун жакшыртуу максатында ассоциациянын көргөзмө комплексинен КР товарлары үчүн акысыз имарат берүү тууралуу макулдашуу жетишилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үстүбүздөгү жылы май-июнь айларында Гуандун провинциясынын мамлекеттик мекемелеринин, ассоциациянын, логистикалык компаниялардын, билим берүү мекемелеринин жана коммерциялык мүмкүнчүлүктөрдү билүүгө кызыктар өндүрүшчүлөрдүн өкүлдөрүнөн турган делегациянын Кыргызстанга иш сапарын уюштурууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий