• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Губернатор: Чүй облусунда жер титирөөдөн 25 үй жана мектептин актовый залы жабыркады

Коом 0

Бишкек, 24-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Чүй облусунда өткөн жума, 21-апрель күнү болгон жер титирөөнүн кесепетинен 25 үй жана мектептин актовый залы жабыркады. Атап айтканда, үйлөрдүн дубалдарынан жарака кеткен. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өтүп жаткан селектордун жыйындын жүрүшүндө Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, жер титирөөнүн күчү очогунда 4-4,5 баллга жеткен. Анын жыйынтыгында 25 үйдүн дубалынан жарака кеткен. “Биз акимдер менен бирге жергиликтүү тургундар менен жолугуштук. Үйлөр мамлекет бир жолку жардам төлөөчү категорияга кирбегендиктен, биз жергиликтүү деңгээлде үйлөргө косметикалык оңдоо жүргүзүү менен маселени чечүүнү туура көрдүк. Бирок, мектептин актовый залы жараксыз абалга келген”,-деди Б.Кудайбергенов.

Пикир

Оставить комментарий