• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Губернаторлор ашыкча, эч нерсе чечпей калышты, аларды тезинен жоюш керек – депутат

Коом 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ансыз деле эч нерсе чечпей калышты, аларды жоюш керек. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеӊеште өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчету угулуп жатканда билдирди.

Анын айтымында, жакында эле Ош шаарында өткөн жыйында президент сүйлөп жатса, көптөгөн аткаминерлер уктап отурушканын көрдүк. Алардын арасында эки губернатор дагы бар. Ушундай өкүлдөрдүн кимге кереги бар?

"Бизге губерниясы жок губернаторлордун эмне кереги бар? Деги, жергиликтүү бийлик органдарын реформалоо иши качан башталат? Ушул маселени такай көтөрөбүз, азыркыга чейин так жообу жок. Акимдер менен өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ошол бойдон кала беришеби?", - деди депутат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү бийлик органдарында айрым бир түзүмдөрү ашыкча болуп жатканын моюнга алды.

"Балким айыл өкмөттөрүн бириктирип, райондорду эле калтырсак кантет? Ушул сындуу бир катар сунуштамалар бар. Эми, бул маселе боюнча мекемелер аралык комиссия иштеп жатат, аны кылдат иликтеп чыгып, анан ошого жараша сиздер биргелешип чечебиз", - деди премьер.

Комиссиянын кээ бир мүчөлөрү райондордун кереги жок, облустар калып, айыл өкмөттөрдү ирилештириш керек дейт. Кээ бирлери облустарды жоюп, 40 районду бириктирип, 20 же 15 район калсын деген пикирде. Ушунун баарын таразалап, элдин социалдык абалына кандай таасирин тийгизет, экономикалык жагын дагы ойлонуп чечели, – Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий